Билим берүү
14 Март 2025
Бүгүн, 14-мартта, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Стоматологдордун таймашы 2025» аттуу эл аралык олимпиада болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын стоматология факультеттеринин студенттери катышып, өз билимдерин, көндүмдөрүн жана чыгармачыл ыкмаларын көрсөтүштү.

Таң эрте катышуучуларды каттоо менен башталып, андан соң салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Сахнада академиянын жетекчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде проректор Ниязбек Маматов, Мускай Исмаилбеков жана стоматология факультетинин деканы, доцент Эркин Исаков сөз сүйлөштү. Алардын жылуу каалоо-тилектери олимпиаданын жалпы маанайын белгиледи.
Майрамдык атмосфераны жаратуу максатында көрүүчүлөргө комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук бийи тартууланды. Олимпиада командалардын чыгармачыл саламдашуу бөлүгү менен башталды. Катышуучу командалардын арасында төмөнкүлөр болду:
•Siberian Smiles (Омск, Россия),
•Dentis Fortis (Алматы, Казакстан),
•Dentarius (Семей, Казакстан),
•OSHSU Dent (Ош, Кыргызстан),
•Сапфир (Бишкек, Кыргызстан),
•V V V (Бишкек, Кыргызстан),
•«Без паники — это пломба» (Бишкек, Кыргызстан).
Андан соң катышуучулар теориялык билимдерин текшерүүгө өтүштү. Тестирлөө терапевтикалык, хирургиялык, ортопедиялык жана балдар стоматологиясына тиешелүү суроолорду камтыды.
Практикалык бөлүк академиянын стоматологиялык борборунун базасында өттү. Катышуучулар «муляж бейтаптар» менен иштөө көндүмдөрүн көрсөтүп, татаал манипуляцияларды аткарышты.
Калыстар тобуна Кыргызстандын Стоматологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Абибилла Калбаев жетекчилик кылды. Анын менен катар Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын алдыңкы адистери, анын ичинде доцент Жамшид Акылбеков жана профессор Кубейси Алтынбеков катышуучулардын иштерин баалашты.
Олимпиада түштөн кийин чыгармачыл докладдар жана интеллектуалдык викторина менен уланат. Бул иш-чара профессионалдык билимдерди текшерүү гана эмес, келечектеги тиш дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу жана маданий байланыш түзүү аянтчасы болуп калды.