2025-жыл 13-февраль И. К. Ахунбаев атындагы КММАда ""Ооруну алдын алуу - ден соолукту сактоонун негизги жолу""аттуу ЖОЖдор аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, катышуучуларын жана уюштуруучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, олимпиада медицина тармагында билим алуу, ошондой эле студенттердин билим берүү ишмердүүлүгүнө жана келечектеги адистигине болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле студенттердин илимий жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында Кыргызстандын медициналык ЖОЖдор арасында өткөрүлдү.
Жеңүүчүлөрдү окуу иштери боюнча проректор, профессор К.Ырысов, Мамлекеттик тил боюнча проректор Г. Жунушалиева жана башка ЖОЖдун кызматкерлери куттукташты.Калыстар тобунун мүчөлөрү: КР ССМ жана массалык коммуникация жана РЦУЗ директору Н.Алтымышева, МСЭКБНЫН башкы дарыгери У.Кундашев, Жугуштуу мите ооруларды алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн дарыгер-паразитологу Г. Миңбаева, ОшМУнун коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын доценти Ф.Мойдинов, жугуштуу оорулар кафедрасынын ассистенти И.Омонов, м.и.к., Эл аралык жогорку медицина мектебинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын доценти Е.Тен.Олимпиадага 12 команда катышты. Жеңүүчүлөр:Орус тилдүү командалар
1)CORVUS Б.Ельцина ат.KОCУ 1-орун
2)ЛИГАПРОФИЛАКТИКИ Б. Осмонова ат.ЖАМУ 2- орун
3)ЮНЫЕ ИНФЕКЦИОНИСТЫ И.К.Ахунбаев ат. КММА 3-орун
Англис тилдүү командалар
4) PREVENTIVE WARRIORS И.К.Ахунбаев ат. КММА 1-орун
5) PREVENTION PIONEERS Салымбеков университети 2- орун
6) MICRO AVENGERS OSH STATE UNIVERSITY INTERNATIONAL 3-орун
Ошондой эле жана башка командалар сыйланды