Жалпы гигиена кафедрасынын студенттик илимий ийриминин мүчөлөрү ыраазычылык каттары менен сыйланышты
Билим берүү 0 12 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жалпы гигиена кафедрасынын илимий изилдөөлөрүнө активдүү катышкандыгы жана кошкон салымы үчүн кафедра башчысы А.Жоробаева студенттик илимий ийримдин мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырды. Ошондой эле “КММА 2023 илим күндөрүнө” катышкан студенттерди белгилеп, анын жеңүүчүлөрүн куттуктады.