КММАнын медициналык борборунун илимий-практикалык конференциясы
Белим берүү 1 29 Октябрь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында 2022-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына чейин КММАнын Медициналык борбору тарабынан уюштурулган “Эл аралык инсульт күнү” темасында эл аралык катышуу менен илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция инсульттун диагностикасына, дарылоосуна, инсульттан кийинки реабилитацияга жана эмоционалдык бузулууларга, ошондой эле цереброваскулярдык авариялардын башка кесепеттерине арналды. Конференцияга невропатологдор, нейрохирургдар, радиация диагностиктери, реабилитологдор катышты.

Конференциянын ачылышында куттуктоо сөздөрү менен: КММАнын Медициналык борборунун директору м.и.д., профессор Муктарбек Искаков, илимий жана медициналык иштер боюнча проректору, медицина илимдеринин кандидаты Ниязбек Маматов жана иш-чаранын коноктору болушту.

Конференция эки бөлүктөн: илимий жана практикалык секциялардан турду. Секциялар чыгармачылык, достук кырдаалда өттү. Конференциянын ишинин жүрүшүндө конференцияга катышкандардын докладдары каралды. Секциянын иши активдүү талкуу жана конструктивдүү диалог режиминде өттү.