2025-жылдын 10-ноябрында Манас шаарындагы Жалал-Абад эл аралык университетинде Кыргызстандагы Илим күнүүнө арналган «Медицинанын келечеги. XXI кылым» аттуу студенттик жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын ЛД-11 тайпасынын студенти Джанов Улукбек «Дары каражаттарын алдын ала болжолдоодо компьютердик моделдөөнүн ролу» аттуу илимий баяндама жасап, биринчи орунду ээледи!

Илимий жетекчиси — химия илимдеринин доктору, доцент Эрназарова Бактыгул Кочкорбаевна.

Джанов Улукбекти жана анын илимий жетекчисин татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Илимий ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз
