КММАда «Медицинадагы инновациялар» аттуу илимий-практикалык конференция болду
Белим берүү 0 9 Ноябрь 2022

2022-жылдын 9-ноябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана илимий-техникалык инновацияларды өнүктүрүү максатында “Медицинадагы инновациялар” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Илимий-практикалык конференцияга Кыргызстандагы жана Россиянын алдыңкы окуу жайларынын окумуштуулары катышты.

Конференциянын ачылыш аземинде КММАнын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жана И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, доцент Мирлан Чыныбаев мындай конференцияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, илимпоздордун ортосундагы байланышты үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Иш-чарага университеттин проректорлору: Нияз Маматов, Гүлсүнкан Жунушалиева, Темирбек Жуманалиев да катышышты.

Конференциянын алкагында 10дон ашык баяндамачылар баяндама жасашты.