КММАда нормалдуу анатомия боюнча олимпиада болуп өттү
Белим берүү 3 24 Апрель 2022

Кечээ жакында, И.К.Ахунбаев атындагы КММАда нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасы тарабынан 1 жана 2 курстар арасында жыл сайын өтүүчү нормалдуу анатомия боюнча олимпиада болуп өттү.

Олимпиаданы медицина илимдеринин кандидаты, пластикалык микрохирург, “GREEN CLINIC” клиникасынын директору Султан Тукешов ачты. Ошондой эле, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев, медицина илимдеринин кандидаты, патологиялык физиология кафедрасынын доценти Бердалы Раимов, медицина илимдеринин кандидаты, медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын доценти Жаңыл Солтобаева куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Олимпиада 4 сынактан турду: визиттик карточка, «Акылдуулар» сынагы, мында командалар ар кандай орган системалары боюнча суроолорго жооп бериши керек болчу, «Кара куту» жана «Күнүмдүк жашоодогу анатомия» сынактары, катышуучулар мында анатомиялык терминологияны колдонуу менен күнүмдүк турмушта жолуккан кадимки объектилерди сүрөттөп бериши керек болчу.

Олимпиадага 13 команда катышты. Ал эми олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 1-орунду Limbic Force командасы, 2-орунду Жашоо деми, 3-орунду Альтруисттер командасы ээледи.

Ошондой эле катышуучулар төмөнкү номинациялар менен сыйланышты: «Мыкты командалык саламдашуу», «Акылдуулар сынакта мыкты жооптор», «Кара куту» сынагында препараттардын мыкты сүрөттөлүшү»,«Күнүмдүк турмуштагы анатомия конкурсунда чыгармачыл сүрөттөө».

Катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө дипломдорду нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Тамара Абаева тапшырды.