Германиядан келген дарыгердин “Чоң муундардын артропластикасы” темасында ачык лекциясы
Билим берүү 0 17 Август 2023

2023-жылдын 17-августунда Клиникалык тез жардам ооруканасынын конференц-залында Германиядан келген дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Мартин Цеппа “Чоң муундардын энндопротезированиеси” деген темада ачык лекциясын өткөрдү. Ал катышуучулар менен бейтаптарды заманбап ыкмалар менен дарылоо тажрыйбасы тууралуу бөлүштү.

Ачык лекцияга КР Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын профессордук-окутуучулук курамы жана ординаторлору катышты.

Дарыгерди медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Сабырбек Жумабеков жылуу тосуп алды.