КММАнын профессордук-окутуучулар жамааты “Biocong.manas2022” биологиялык конгрессинде
Белим берүү 0 8 Июнь 2022

2022-жылдын 18-20-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өткөн II Эл аралык «Biocong.manas2022» биологиялык конгрессине И.К.Ахунбаева атындагы КММанын биохимия жана жалпы биоорганикалык химия курсу кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Кафедранын аспиранттары А.Бектурганова, Н.Акынбекова жана А.Гапарова б.и.д Ж.Махмудованын жетекчилиги астында илимий иштер боюнча доклад жасады.

Х.и.к. Ж.Бердалиеванын жетекчилиги астныда Дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти А.Вахидов Кыргыз Республикасынын аймактарында суунун катуулугун изилдеп, ийгиликтүү баяндама жасады.