Нарын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү ваучердик каржылоо системасы боюнча КММАнын студенттери менен жолугушту
Билим берүү 0 29 Апрель 2023

Нарын облусунда биринчи жолу пилоттук негизде билим берүүнүн ваучердик системасы киргизилүүдө. Башкача айтканда, контракттык негизде окуган студенттин окуу акысы ваучер, мамлекеттик мекеме тарабынан компенсацияланат, бул жогорку окуу жайда бекер окуу мүмкүнчүлүгү, бирок окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүнү жумушка орноштуруу кепилденген шарт менен – келишимге ылайык ал 3 же андан көп жыл иштеши керек. Баш тарткан учурда бүтүрүүчү окуу жайга окуусуна кеткен сумманы толугу менен төлөп берүүгө тийиш.

Нарын облусунда медициналык кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу болочок дарыгерлерди стимулдаштыруу жана тартуу максатында бүгүн, 2023-жылдын 28-апрелинде Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова баштаган Нарын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, окуу жайдын 4-5-6-курстарынын студенттери менен жолугушуп, анда студенттерге окуунун ваучердик системасы тууралуу маалымат беришти. Студенттер активдүү катышып, кызыктырган суроолорун беришти.

  

Жыйынга КММАнын илимий жана дарылоо иштер боюнча проректору Ниязбек Маматов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Жанболотова, КР Президентинин Аппаратынын Нарын облусундагы реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика бөлүмүнүн башчысы Абдраим уулу Шабдан, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусу боюнча координаторунун орун басары Усонбек Курманбаев катышышты.