КММАнын окутуучусу Туркиянын Анталия шаарына 5 күндүк жолдомо менен сыйланды
Билим берүү 0 17 Апрель 2023

2023-жылдын 11-апрелинде ОшМУ жана Кыргызстандын Түштүк философтор коому тарабынан “Глобалдык чакырыктар контекстиндеги философиянын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык конференцияда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын стоматология факультетинин 1-курсунун студенти Муратова Периште “Аталар институту биологиялык программа катары” аттуу макаласы менен катышып, эң жогорку упайга ээ болду.

Натыйжада “Эң мыкты илимий жетекчи” номинациясында кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Касымбекова Нурида Жумагуловна баш байгеге ээ болуп, Туркиянын Анталия шаарына 5 күндүк жолдомо менен сыйланды.