Венгер кардиологдорунун конгрессинде профессор Э.Миррахимов баяндама жасады
Билим берүү 0 24 Май 2023

2023-жылдын 10-майынан 13-майына чейин Венгриянын Балатонфюред шаарында венгер кардиологдорунун конгресси болуп өттү. Уюштуруу комитетинин чакыруусу боюнча И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын факультеттик терапия кафедрасынын башчысы, профессор Эркин Миррахимов «Пандемиядан кийинки мезгилде Борбордук жана Чыгыш Европадагы кардиологиялык жардамдын көйгөйлөрү жана ийгиликтери. Кыргызстандагы кырдаал» аттуу баяндама жасады.

Конгресске Швейцариядан, Италиядан, Сербиядан, Румыниядан, Польшадан, Болгариядан, Словакиядан, Молдовадан, Косоводон келген 2000дей катышуучу катышты.