Белим берүү
0
4 Октябрь 2022
2022-жылдын 3-октябрында КММАда Германиядан келген эксперт Арнольд Шульте-Бокхольттун лекциясы өттү.
Профессор гастроэнтеролог, ашказан-ичеги-карын жолдорунун жана жоон ичегинин жогорку бөлүгүн эндоскопиялоо тармагындагы адис. Шульт-Бокхольт КММАнын студенттерине «Гастроэнтерологиялык адистештирилген медициналык практиканы уюштуруу», «Эндоскопту кол менен иштетүү» жана «Ичеги ооруларын диагностикалоо жана дарылоо» деген темаларда лекция окуду.
Белгилей кетсек, бул лекцияга КММАнын көптөгөн студенттери жана кызматкерлери катышып, катышкандардын ар бири профессорго суроолорун бере алышты.