Профессор Шин Хён Сук медицинада МКТны колдонуу боюнча билим берүү сессиясын өткөрдү
Белим берүү 0 15 Ноябрь 2022

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн «Пандемиялык кырсыктарга каршы күрөшүүдө медайымдардын жалпы клиникалык компетенттүүлүгүн жана потенциалын жогорулатуу үчүн көп баскычтуу медайымдык билим берүү системасын ишке ашыруу» биргелешкен долбоорунун алкагында «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга негизделген Медициналык билим берүү жана практика» аттуу билуу берүү сессиясы Кыргыз медициналык академиясында болур өттү. Лекцияны долбоордун жетекчиси, профессор Шин Хён Сук өткөрдү.

Шин Хён Сук айым катышуучуларга маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу, ошондой эле учурдагы кырдаал жана KHU-MUVE виртуалдык чөйрөсүн колдонуу, мобилдик симуляциялык программалар жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү «Компетенттүүлүккө негизделген медайымдык окуу планын иштеп чыгуу» деген темада семинар болуп өттү. Семинар эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, профессор Г.А. Жумалиеванын катышуусунда болуп өттү.