📢 КММАдагы профессор Тиина Лаатикайнендин лекциясы
Билим берүү 16 Май 2025

2025 - жылдын 16-май күнү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясында Финляндиянын Чыгыш Университетинин профессору Тиина Лаатикайнендин «Табиятка кадам – табият менен байланыш, биоартүрдүүлүк жана алардын ден соолукка тийгизген таасири» темасында коноктук лекциясы болуп өттү.

Лекция «Жашыл жана санарип университет» долбоорунун алкагында өтүп, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууга, билим берүү процессин санариптештирүүгө жана экологиялык жоопкерчиликти өркүндөтүүгө багытталды. Катышуучулар теманын актуалдуулугун жана долбоордун туруктуу өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.