Залалдуу шишиктерге каршы күрөшүү күнүнө карата илимий-практикалык конференция болуп өттү
Билим берүү 0 1 Февраль 2024

Бүткүл дүйнөлүк, залалдуу шишиктерге каршы күрөшүү күнүнө карата Улуттук онкология жана гематология борборунда, борбордун дарыгерлеринин, райондук, областтык онколог дарыгерлердин катышуусунда илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

 

Конференцияга Иса Ахунбаев атындагы КММАнын онкология кафедрасынын жамааты катышып, кафедра башчысы м. и. к., доцент Саяков Уметалы саламаттыкты сактоонун биринчи баскычындагы дарыгер онкологдорго кайрылып, залалдуу шишиктердин алдын алуу жана ооруну эрте аныктоо канчалык баалуу иш экенин жана бул иште райондук, областтык баскычтагы дарыгерлердин чоң ролу бар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле кафедранын ассистенти Кылчыкбаев Азамат “Залалдуу шишиктерден пайда болгон ооруу сезимине каршы күрөш” деген темада доклад жасап, бейтаптын ооруу сезимин басаңдатуунун принциптери, паллиативдик жардам көрсөтүүдөгү кандай көйгөйлөр бар экендигин баяндады.