КММАнын ректору Индира Кудайбергенова Оксфорд университетинин окумуштуулары менен жолугушту
Белим берүү 1 12 Октябрь 2022

202-жылдын 12-октябрында КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова Оксфорд университетинин окумуштуулары: Нуффилд медициналык факультетинин (Улуу Британия) эпидемиология жана математикалык моделдөө кафедрасынын профессору Лиза Уайт айым жана кафедранын доценти тропикалык медицинанын тропикалык гигиенасы, Махидол университети (Таиланд) Па-нгум Вирикада айым менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандан эксперт Айнура Молдокматова, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева, окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов, илимий жана дарылоо иштер боюнча проректорНиязбек Маматов.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын университеттери жана эксперттери менен тажрыйба алмашуу жана кызматташууну жолго коюу максатында КММА менен Оксфорд университетинин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды.

Коноктор ректорго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, университеттер кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтип, мугалимдерди алмашуу, илимий изилдөөлөр, илимий семинарларды биргелешип өткөрүү, академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу тармактарда ар тараптуу кызматташууга ишенимин билдиришти.