Бүгүн, 2025-жылдын 25-мартында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен биргеликте «Чек арасыз протездөө» аттуу семинар өткөрдү.
Иш-чарага хирургдар, травматологдор, техник-протездөөчүлөр жана чет өлкөлүк эксперттер катышып, кол-бутту протездөөнүн актуалдуу маселелери, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Семинардын жүрүшүндө протездөөдөгү заманбап технологиялар жана инновациялар боюнча маалыматтар берилди, негизги татаалдыктар каралды, ошондой эле адистер өзүнүн практикалык тажрыйбасы жана конкреттүү учурлары (кейстери) менен бөлүштү.
Бул иш-чара протез жасоонун сапатын жакшыртууга жана жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.