УИАнын академиги Сабырбек Жумабековдун КММАнын студенттери менен мейман жолугушуусу болуп өттү
Билим берүү 1 11 Апрель 2023

Кечээ күнү, Кыргызстандын Медициналык академиясынын имаратында медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Сабырбек Жумабеков менен студенттердин конок жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чараны окуу жайдын тарбиялык иштер бөлүмү студенттерди КММАнын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү менен тааныштыруу максатында уюштурган. Чынында эле, студенттер үчүн бүтүрүүчүлөрдүн ар бир мууну жана алардын жетишкендиктери, ийгиликтери тандалган максатка жетүү үчүн кылган иш-аракеттери татыктуу үлгү болуп саналат.

Жолугушууда Сабырбек Артисбекович өзүнүн өмүр баяны, травматология тармагындагы кандай ийгиликтерге жеткени тууралуу айтып берди.

Травматологиянын көйгөйлөрү, атап айтканда, дарыгер менен пациенттин мамилеси студенттердин кызыгуусун жаратып, бүт көрүүчүлөр тарабынан чоң резонанс тапты. Студенттерге аларды кызыктырган бир катар суроолор берилди.