КММАнын онкология кафедрасынын кызматкерлери аялдардын ден соолугуна арналган семинарына катышты
Билим берүү 0 6 Апрель 2023

Кечээ жакында, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын онкология бөлүмүнүн кызматкерлери Азамат Кылчыкбаев жана Юлия Ситникова MSF тин аялдардын ден соолугуна арналган долбоорунун «Рак менен ооруган бейтаптарга жаман кабарды билдирүү» аттуу семинарына катышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаман кабарларды билдирүүдөгү кыйынчылыктарды, жалпы каталарды жана жалпы принциптерди карап, маалыматты бекемдөө үчүн ролдук оюндарды ойношту.

Белгилей кетсек, КММА «Чек арасыз дарыгерлер» уюму менен Чүй облусундагы аялдардын ден соолугун коргоо долбоорунун алкагында кызматташат.