КММАнын медайымдык иши кафедрасынын кызматкерлери медициналык билим берүүнү реформалоо боюнча семинарга катышты
Белим берүү 1 17 Июнь 2022

2022-жылдын 10-июнунда И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын медайымдык иши кафедрасынын кызматкерлери «Улуттук квалификация алкагы. Өткөрүлгөн квалификациялардын деңгээлине ылайык келүү» аттуу семинарга катышышты.

Семинар Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын концепциясына ылайык, медициналык билим берүүнү жаңы талаптарга ылайык реформалоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду.