КММАнын англис тилинде окуткан Дарылоо иши факультетинин студенти I Эл аралык олимпиадада патологиялык физиология предмети боюнча биринчи орунду жеңип алды
Билим берүү 0 27 Март 2023

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын англис тилинде окуткан Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти Нажиб Уллах И.К.Ахунбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган фундаменталдык дисциплиналар боюнча медициналык жогорку окуу жайлардын студенттеринин I Эл аралык олимпиадасында патологиялык физиология предмети боюнча 1-орунду жеңип алды. Студентибизди татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз!