КММАнын студенти “Заманбап илимдин инновациялык өнүгүүсү: актуалдуу маселелер” аттуу республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияда 1-орунга ээ болду
Билим берүү 0 4 Май 2023

Педиатрия факультетинин 6-курсунун студенти Байысбек кызы Асел медицина илимдеринин доктору, профессор К.Сыдыгалиев жетектеген «КММА 2023 илим күндөрү» аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин 60 жылдык юбилейлик эл аралык илимий-практикалык конференциясында тандалып алынган докладдардын арасында секциялык отурумда 1-орунга ээ болду. Илимий жетекчиси медицина илимдеринин доктору, профессор К.Сыдыгалиев.

Ал эми, 2023-жылдын апрель айында профессор Балян Григорий Айказовичтин 95 жылдыгына жана КУАУнун ардактуу профессору Баляндын Генрих Григорьевичтин 70 жылдыгына арналган “Заманбап илимдин инновациялык өнүгүүсү: актуалдуу көйгөйлөрдүн абалы” аттуу республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияда эң мыкты доклады үчүн педиатрия факультетинин 6-курсунун студенти Байысбек кызы Асел медицина илимдеринин доктору, профессор К.Сыдыгалиевтин жетекчилиги менен 1-орунга ээ болушту.