КММАнын студенти окуу жайлар аралык олимпиадада 3-орунга ээ болду
Билим берүү 0 18 Май 2023

2023-жылдын 28-апрелинде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекттик техникалык университетте Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата окуу жайлар арасында өткөрүлгөн мамлекеттик тил боюнча V-студенттик олимпиадада И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын №1 дарылоо иши факультетинин 2-курсунун 2-тайпасынын студенти Турганбаева Шерзаада 3-орунга ээ болду. Жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Эльмира Абдырасулова.