КММАнын студенти окуу жайлар аралык конференцияда 1-орунга ээ болду
Билим берүү 0 18 Май 2023

2022-жылдын 20-апрелинде 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультети «Кыргыз адабияты, котормо иши жана билим берүүсү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттердин илимий-тажрыйбалык конференциясын өткөрүштү.

Бул иш-чарага И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын №1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти Момунбекова Нурсулуу катышып, 1-орунга ээ болду. Илимий жетекчиси кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Эльмира Абдырасулова.