Медициналык академиянын студенттери “Живая латынь” адабий сынагында 3-орунга ээ болушту
Билим берүү 0 19 Апрель 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо иши факультетинин 1-курсунун 15-группасынын студенттери Айэлес Кыязбекова и Альбина Асаналиева Ижевск мамлекеттик медициналык академиясынын 90 жылдыгына арналган Россиянын медициналык жана фармацевтикалык университеттеринин студенттеринин арасында өткөрүлгөн «Живая латынь» эл аралык адабий сынагына катышып, сыйлуу 3-орунга ээ болушту. Студенттердин ишин чет жана латын тилдери кафедрасынын ага окутуучусу Б.Тентимишева жетектеген.

Белгилей кетсек, иш-чарага Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстандан 27 университет катышты. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!