КММАнын студенттери жана ординаторы Ташкент шаарындагы ЖЧК «Дентафилл Плюс» фармацевтикалык компаниясында стажировкадан өтүштү
Билим берүү 0 17 Апрель 2023

Узбекистандагы Ташкент шаарындагы ЖЧК «Дентафилл Плюс» фармацевтикалык компаниясы менен И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында, фармацевтика факультетинин 5-курсунун студенттери жана ординаторлору 2023-жылдын 3-апрелинен 13-апрелине чейин «Дары-дармек каражаттарынын технологиясы», «Фармацевтикалык технология» жана «Фармацевтикалык бизнести уюштуруу» багыттары боюнча практикадан өтүштү. Практика башчысы Э.С. Матыев атындагы Фармацияны башкаруу жана экономикасы, дары каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу А.Ж.Керимбаева.