КММАнын студенттери жана кафедранын ассистенти студенттерге «ВИЧ-СПИД» деген темада лекция окушту
Белим берүү 2 6 Декабрь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 6-курсунун студенттери, куратору, үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Дастан Кушубековдун жетекчилиги менен №70 гимназия-комплексинин, №67 гимназия, № 63 орто мектептин 10-11-класстарынын окуучулары арасында тарбия иштерин жүргүзүштү. Алар «ВИЧ-СПИД» деген темада лекцияларды окуп, сергек жашоого үндөө, викторина өткөрүп, 3 жеңүүчүгө белектерди тапшырышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча мектептер кураторду жана анын студенттерин социалдык темада, башкача айтканда, мектеп окуучуларынын арасында вейп көйгөйлөрү боюнча лекцияларды окууга кайрадан чакырууга кызыкдар болушту. Айта кетсек, №70 мектеп-гимназия-комплексинин директору Чолпон Жунушева кафедранын ассистенти Д.Кушубековго демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.