КММАнын студенттери «ВолгаМед» жаш окумуштуулардын жана студенттердин IX Бүткүл россиялык илимий-практикалык конференциясына катышты
Билим берүү 0 23 Март 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын клиникалык ординаторлору жана Дарылоо иши факультетитинин студенттери жана чет элдик студенттери No 2 акушердик жана гинекология кафедрасынын жетекчилиги астында жаш окумуштуулардын жана студенттердин Буткул россиялык«ВолгаМед» IX илимий-практикалык конференциясына он-лайн режиминде катышты. Конференция Россиянын, Нижний Новгород шаарында 2023-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин эл аралык катышуусу менен болуп өттү.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө КММАнын студенттери байгелүү орундарга ээ болуп, Ардак грамоталар менен төмөнкү студенттер сыйланышты: Садыбакасова Бермет, Акбаева Айсулуу; студенттер Жумакматова Бермет, Зеешан Али Байг, Али Раза, Бурхан Уд Дин.

Байгелүү 2-орун: Мухаммад Сафи Ур Рехман 4 курстун студенти.