Студенттер классиктин чыгармаларын талдашты
Белим берүү 1 27 Июнь 2018

Сөздүн кудурет-күчү менен нукура руханий каганат кураган кеменгер, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай, жер шарынын булуң-бурчунда ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Эскерүүлөрдүн алкагында  2018-жылдын 22-24-июнунда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги менен Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясы биргеликте «Ч.Айтматов – XX-XXI кылымдын ойчул-жазуучусу» аттуу республикалык илимий-агартуучулук  конференция уюштурулуп, ал  академиктерди, профессорлорду, студенттерди, окуучуларды, мындайча айтканда, ар кайсы муундун өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Иш-чара залкар жазуучу менен далай маңдай-тескей отуруп баарлашкан, насиптеш агалардын, Айтматов таануучулардын эскерүүлөрү менен башталды. Алардын сөзүн КММАнын студенттеринин илимий макалалары улады. Окуу жайдын атынан 7 студент катышып, ар түрдүү ракурстагы иликтөөлөрүн коомчулукка сунуштады.

“Медициналык алдын алуу иши” факультетинин 4-курсунун студенти  Алихан Ибраимов  “Тагдыр жана тасма” аттуу баяндамасында  Ч. Айтматовдун чыгармаларынын “кыргыз керемети” аталган кинотармагына кошкон салымын, бул багытка кызыккан режиссерлор, актерлор, алардын тасмадан кийинки тагдыры тууралуу кеп козгосо, “Дарылоо иши”  факультетинин 3-курсунун студенти  Максатбек Тойчуев  бүгүнкү күндөгү өтө көйгөйлүү маселелердин бири – баңгиликке токтолуп, аны Ч.Айтматовдун “Кыямат” романында чагылдырылышын талдоого алды. Дарылоо иши факультетинин 3-курсунун студенти  Аскат Абдыкеримов   акыркы статистикалык маалыматтарга таянып, жазуучунун чыгармалары 200дөн ашуун тилге которулганын, Айтматов күн санап жаңы алкактарды багынтып жаткандыгын баса белгиледи. Аталган факультеттин 3-курсунун студенти  Канзаада Казыбекова  жазуучунун балалыгын тыкыр иликтөөгө алса, 2-курстун студенти Гүлайым Мирланова   дүйнөлүк адабияттын залкары, жазуучу атабыздын ысмы менен мамлекетке пайда алып келүү идеясын сунуштады. Себеби, чет элдиктер кыргызды эмес, андан чыккан Чыңгызды жакшыраак тааныйт. Анын чыгармачылык кудуретине таң калган окурмандары ушундай чыгармалар жаралган жерди көрүп, анын суусун татууну эңсешет деп, улуттук брэндге айланган атабыздын аты, чыгармалары дагы көптөгөн кылымдар калкына кызмат кыларын айтып өттү.

“Фармация”  факультетинин 2-курсунун студенти Гүлистан Ыкынова   “Айтматов бар аалам толук көрүнчү” деп реквием айтып, айрылуунун азабына токтолуп, уулун жоктогон дүйнө элдеринин эскерүүлөрү тууралуу сөз кылды.  “Дарылоо иши” факультетинин 2-курсунун студенти  Назгүл Кубанычбек кызы   келечектеги кесибине жараша, айтматовдук каармандарды медициналык рефлексиянын предмети катары карады. Баяндамада максат багыттуу жасалган комплекстүү кыйноолор: шири кийгизүү, суу, тамак-аш бербөө, кыймылсыз кылып керип коюу, уктоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу, аптапка жаткыруу адамдын психикасына доо келтирерин иликтөөгө алынып, Айтматов таануу багытына жаңылык кошо алды.Конференция Бостери айылындагы “Гүлкайыр-Ренат” пансионатында уланып, кызуу талкуулар, акыл таймаштары, тематикалык оюн-зооктор менен коштолду. Иш-чара жемиштүү болуп, катышуучуларды өтө таасирлентти.

Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинде “... адам жакшылыкты жерден таап албайт, адам жакшылык жасоону адамдан үйрөнөт” деген саптар кездешет. Анын сыңары көзү өтүп кеткен залкарларды эскерип, анын өрнөктүү өмүр жолу менен жаштарды-келечек ээлерин тааныштыруу, руханий эстафетаны кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү озуйпасын аткарган жалпы уюштуруучулар тобуна катышуучулардын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

 Н. Касымбекова,  КММАнын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу

 А. Саламат кызы, аталган кафедранын окутуучусу