КММАнын студенттери Бүткүл россиялык «Биохимик – 2022” олимпидага катышты
Белим берүү 2 8 Июнь 2022

20-майда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттер командасы Башкирия мамлекеттик медициналык университетинде ткөн III Бүткүл россиялык студенттердин «Биохимик-2022» олимпиадасына катышты.

Олимпиада төрт этапта өттү:

1-сынак «Биохимик - 2022», катышуучулар университетте окуган биохимия предметинин программасынын алкагындагы тапшырмаларды аткарышты.

2-сынагы «Мыкты эссе» - катышуучулар биохимиянын актуалдуу проблемасы боюнча дил баян көрсөтүштү.

3-сынагы “Эң мыкты кырдаалдык маселе” – катышуучулар өздөрүнүн кырдаалдык көйгөйлөрүн көрсөтүштү.

«Илимдин жетишкендиктери» 4-чыгармачылык сынагы – командалар кафедранын, университеттин илимий жетишкендиктери, илимий багыттары, ишмердүүлүк тармактары ж.б. жөнүндө «визиттик карточка» даярдашты.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен КММА командасы 2-орунду ээледи. Жеке мелдеште С.Эгембердиев 3-орунга ээ болду. Олимпиадага активдүү катышкан команданы даярдагандыгы үчүн БМУ профессор Индира Кудайбергеновага, жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын башчысы Жылдыз Махмудовага ыраазычылык билдирди. Катышуучулар жана жеңүүчүлөр диплом ошондой эле сертификаттар менен сыйланышты.