КММАнын студенттери Россия элдер достугу университетинде билим алышкан
Билим берүү 0 7 Февраль 2024

2024-жылдын  22-27-январында  Россия элдер достугу университетинде (РЭД) "Кардиологиядагы пропедевтиканын практикалык аспектилери" программасындагы кышкы мектеп болуп өттү.

Ага Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 1,2-дарылоо иши, медициналык алдын алуу иши  факультеттеринин 4,5-жана 6-курстардын 18 студенти  катышты.

Кардиологиянын теориясы жана практикасы боюнча сабактарды медицина илимдеринин кандидаты,  РЭД ВОП  кафедрасынын доценти А.В. Сыров өткөрдү.

Ал КММАнын студенттеринин даярдык деңгээлин жана кызыгуусун жогору баалап, алардын бардык суроолоруна жооп берди.Мындан тышкары  студенттер дарт аныктоону жана амбулаториялык бейтаптарды дарылоонун заманбап ыкмаларын көрсөткөн Москванын поликлиникаларына барышты.

Ошондой эле алар медициналык борбордун директору жана ВПО РУДН кафедра башчысы менен таанышып, саламаттыкты сактоо системасындагы баштапкы звенонун ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Бош убактысында студенттер Москванын кооздугуна суктанып, шаардын тарыхый жана маданий кооз жерлерин көрө алышты.Кышкы мектепти аяктагандан кийин бардык катышуучу окуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган тастыктамаларды алышты. КММАнын студенттери уюштуруучуларга жана окутуучуларга кызыктуу, пайдалуу программа,  жылуу жана достук маанайдагы кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдиришти.