КММАнын студенттери РЭДУда, Россия
Билим берүү 4 Февраль 2025

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  №1 дарылоо иши  (Абылмечинова Ажара, Осмонова Азиза) жана "МААИ" (Сапарбекова Айзат, Ташматова Диерахон, Карачова Мадина) факультеттеринин студенттери РЭДУнун медициналык базасында амбулаториялык кардиология боюнча практикалык аспекттер боюнча бир жумалык окуудан өтүштү. Угуучуларды окутуу, практикалык даярдоо РЭДУнун базасында, ошондой эле Москванын алдыңкы амбулаториялык мекемесинин базасы, жалпы медициналык практика кафедрасынын клиникалык базасы болуп саналган  №1диагностикалык клиникалык борбордо  өттү.

Ошондой эле студенттер үчүн дүйнөлүк репутацияга ээ болгон алдыңкы адистештирилген институт  Академик Е.И.  Чазов  атындагы Улуттук медициналык кардиология изилдөө борборуна таанышуу экскурсиясы уюштурулду. Амбулаториялык  кардиология курсунун   өзгөчөлүгү болуп катаал  практикалык  багытты, дарыгердин бир күндүк иши үчүн зарыл болгон практикалык аспектилери, лектор катары практикалык иш тажрыйбасы мол адистер саналат.