КММАнын студенттери биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс өткөрүштү
Билим берүү 0 12 Май 2023

Жаштардын көңүлүн адамдын өмүрүн сактап калуу жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларына үйрөтүү сыяктуу маанилүү маселеге көңүл буруу максатында ушул жылдын 11 майында И.К.Ахунбаев атындагы анестезиология жана реаниматология факультетинин студенттик илимий ийрими Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бардык кызыккан студенттери үчүн «Биринчи медициналык жардам көрсөтө бил» деген тренинг мастер-класс өткөрдү.

 

Жабырлануучуга анын өмүрүн сактап калуу, азабын азайтуу жана мүмкүн болгон кыйынчылыктардын өнүгүшүн алдын алуу үчүн зарыл болгон жөнөкөй медициналык чараларды көрүү. Профессионалдык жактан мындай жардамды, албетте, дарыгерлер беришет. Бирок, турмуш көрсөтүп тургандай, тез медициналык жардамды талап кылган жагдайлар көбүнчө күтүүсүздөн болот. Андыктан, ар бир секунд кымбат болгон мындай кырдаалдарда катышуучу болуп калган ар бир адам дүрбөлөңгө түшпөй, тез жана чечкиндүү аракет кылышы маанилүү.

Мастер-класстын жүрүшүндө балдар медициналык симуляторлордо тез жарамдын көпчүлүк ыкмаларын көрсөтүштү, андан соң жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алуу менен бирге, биринчи жардам көрсөтүүдө өзүн сынай алышты.