КММАнын студенттери шаардын мектептеринде тамеки чегүү жана репродуктивдүү ден соолук боюнча тарбия иштерин жүргүзүүдө
Белим берүү 1 28 Апрель 2022

Кечээ жакныда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Дарылоо иши факультетинин 6-курсунун 18-группасынын студенттери №1 акушердик жана гинекология кафедрасынын ассистенти А.Сыдыкованын жетекчилиги астында Бишкек шаарынын No3 орто мектебинин 7-8-класстарынын окуучуларынын арасында «Тамеки тартуунун зыяны», «Өспүрүмдөрдүн репродуктивдүү ден соолугун сактоо» деген темаларда санитардык-агартуу иштерин жүргүздү.