КММАнын студенттери мектеп окуучулары менен кесипке багыт берүү боюнча жолугушууларды өткөрүштү
Билим берүү 0 3 Март 2023

Декандын орун басары Азамат Кылчыкбаев жетектеген КММАнын Дарылоо иши 1 факультетинин студенттери Новопокровкадагы No3 орто мектебинде болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын студенттери кесипке багытталган мектеп окуучулары менен ачык жолугушууларды өткөрүштү.

Окуучулар университет жөнүндө, медициналык профилдеги кесиптер, кабыл алуу шарттары ж.б.у.с. жөнүндө маалымат алышты.