КММАнын студенттери Сеченов университетинде өткөн онкология боюнча эл аралык олимпиадага катышты
Белим берүү 0 24 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттер командасы эл аралык катышуу менен онкология боюнча Бүткүл россиялык олимпиадага катышты. Сеченов атындагы университетке 12 мыкты команда келишти. Олимпиаданын катышуучулары медициналык жогорку окуу жайларынын жогорку курстарынын студенттери. Болочок дарыгерлер өздөрүнүн билимдерин, жөндөмдөрүн көрсөтүштү, башкача айтканда, олимпиаданын практикалык этабында окуучулар шишикти алып салышты.

Тандоо турунда Орусиянын бардык аймактарынан 52 команда ат салышты. Финалга 12си гана чыкты.КММАнын командасы төртүнчү орунду ээледи. Алар үчүн бул престиж гана эмес, жумуш табуу мүмкүнчүлүгү да. Студенттер алдынкы клиникалардын жетекчилери тарабынан катуу көзөмөлгө алынат.

«Албетте, биз чоң кызыгуу жана көңүл буруу менен, ошол жөндөмдүү балдарды белгилейбиз. Бул олимпиада 3 баскычтуу тандоо аркылуу өткөндүктөн, эң жөндөмдүү  студенттер гана келишкен. Ал эми биз аларга сунуш берүүгө азыртадан эле даярбыз», - деди Россия илимдер академиясынын академиги, И.М.Сеченов атындагы ПММУнун онкология борборунун директору  Игорь Решетов.