КММАнын студенттери Эл аралык студенттик олимпиадада 1-орунга ээ болушту
Билим берүү 0 4 Май 2023

2023-жылдын 4-майынан 5-майына чейин Астана медициналык университетинде «Жузден жуйрiк Primus inter pares/ Первый среди равных» Эл аралык студенттик олимпиада болуп өттү.

Академик Р.К.Рыскулова атындагы хирургия факультетинин«АК-КЕМЕ» командасынын студенттери «Бальфур боюнча ашказан резекциясы» жана «Реконструктивдүү хирургия» секциялары боюнча Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттерден келген командалар арасында 1-орунга ээ болушту.

Ошого байланыштуу: жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз: Акенов Сүйүмбек, Комилов Нурбек, Толгонова Алина, Султанбаев Кайрат, Ильичова Алина, Минбаева Айжан.