КММАнын педиатрия кафедрасынын студенттери Бүткүл россиялык педиатриялык форумда 2-орунга ээ болушту
Белим берүү 0 24 Май 2022

КММАнын педиатрия кафедрасынын студенттери Бүткүл россиялык педиатриялык форумда 2-орунга ээ болушту

19-20-майда И.М. Сеченов атындагы I-Москва мамлекеттик медициналык университетинде  студенттердин жана жаш окумуштуулардын үчүнчү Бүткүл россиялык педиатрия форумунун алкагында “Педиатрия виртуозу” аттуу олимпиада эл аралык катышуу менен болуп өткөн.

Айта кетсек, КММАнын педиатрия факультетинин студенттеринин “Baby Corp" командасы ардактуу 2-орунга ээ болушту. Бардыгы болуп мыкты деген наам үчүн 31 команда катышкан.

Команданын түзүмү: Абышев Жоодат, Бабаджанов Нурсаид, Джумагулова Айганыш, Кармышакова Назик, Ясынова Аида, илимий жетекчиси Сасаза Карина Рашидовна.