“Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары”
Билим берүү 14 Апрель 2025

2025-жылдын 11-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган “Санарип доордогу “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары тарабынан даярдаган 9 студент катышып келишти. Терең изилдөөлөр, чыгармачыл ой жүгүртүүлөр жана улуттук баалуулуктарга болгон мамиле ар бир докдадда байкалып, угуучуларга зор таасир калтырды. Эң мыкты деген жогорку баага арзыган докладдар:


1. Садатканова Н. А. (педиатрия факультетинин 2-курсунун студенти, 3-тайпа) – Санарип доорунда мамлекеттик тилдин медицинадагы орду. Илимий жетекчиси – п.и.к., доцент Абдырасулова Э. К.
2. Абдимиталипова М. А. (№2 дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти,36-тайпа ) – Технологиянын мамлекеттик тилге тийгизген таасири. Илимий жетекчиси – окутуучу Анарбаева Ж.К.
3. Бөрүбаев Э. – (№1 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти, 7-тайпа) - Тамактануу маданиятына байланышкан түшүнүктөрдүн этимологиясы жана мааниси. Илимий жетекчиси окутуучу Дүйшөналиева Ж. А.
4. Худжамбердиева А. У. (№2 дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти, 26-тайпа) – “Тил сакчысы” долбоорунун максаты жана милдеттери. Илимий жетекчиси – ф.и.к., доцент Касымбекова Н. Ж.
5. Темуров А. (№2 дарылоо иши факультетинин 2-курсунун студенти, 24-тайпа) – Мамлекеттик тилдин медицинадагы орду. Илимий жетекчиси – окутуучу Домасбекова С. А.
Ар бир докладда заманбап технология жана улуттук руханий дөөлөттү айкалыштырууга болгон умтулуу байкалды. Бул - келечектин изденүүсү, бул – мамлекетти сүйүүнүн, эне тилге болгон урматтын белгиси