Улуттук Тарых музейине “Ачык эшик айында” аттуу чакырууга саякаттоого барып келишти
Билим берүү 23 Октябрь 2025

И.К. Ахунбаев  атындагы КММАнын Философия жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти Тентигул кызы Назира “Кыргызстан тарых ”сабагынан “Дарылоо иш” факультетинин 2 курсунун 30, 31 тайпалары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Тарых музейине “Ачык эшик айында” аттуу чакырууга саякаттоого барып келишти. Кыргыз тарыхы менен кеңири таанышып, байыркы доордон – бүгүнкү күнгѳ чейинки тарыхыбыз, улуттук мурастарыбызды, ата-бабаларыбыздын баскан жолун, ѳтѳгѳн эмгектерин, урпактарга салган жолун жакындан билип, Кыргыз тарыхынын миңдеген жылдар илгерки буюмдарынан, документтеринен, сүрѳттѳрүнѳн улуттук баалуулуктар, мамлекеттүүлүктүн терең тарыхын толугу менен көрүп жакшы маанайда кайтышты.