КММАда жана КМТУда биомедициналык инженерия клубу иштей баштады
Белим берүү 2 21 Октябрь 2022

КММАда жана КМТУда биомедициналык инженерия клубу иштей баштады. Бул медициналык (КММА) жана инженердик (КМТУ) жамааттарынын кызматташтыгы, алардын миссиясы биомедициналык инженерия тармагындагы билимдерди кеңейтүүгө жана колдонууга көмөктөшүү болуп саналат, бул биомедициналык инженерияны жана медицинаны окуп жаткан студенттердин ооруларды аныктоо, дарылоо, протездөө жана башкалар үчүн биомедициналык аппараттарды жасоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.

Жолугушуулар жумасына эки жолу өткөрүлүп, бир күнү инженерияга, экинчи күнү медицинага арналат. Топтор аралаш (ар кандай университеттердин студенттери) жана катышуучулар бардык класстарга тандап же белгилүү бир күндөрдө гана бара алышат.

  

Клубдун биринчи жумасы өтө кызыктуу өттү. Бул күндөрү катышуучулар Arduino кодун жазууга аракет кылышты, контроллер менен, электрониканын кээ бир негиздери менен таанышып, тетиктерин изилдей башташты. Медицина боюнча семинарда алар клетка эмнеден тураарын жана айлана-чөйрө менен кандай байланышта болоорун билишти.

Жыйынтыгында алар тирүү организмдин клеткалары менен электрондук компоненттердин ортосундагы окшоштуктарды табышты, викторина өткөрүшүп сабактардын практикалык бөлүгүн микроскоптун астында түрдүү кыртыштарды изилдөөгө арнашты. Ишемби күнү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматика институтуна 3 сааттык экскурсияга барып, ал жерде аларга жабдыктардын ар кандай түрлөрү жөнүндө кеңири жана мисалдар айтып беришти, жада калса машина куруунун үлгүсү «Луна-24» спутнигин көрсөтүштү.

Эки университеттин студенттери жолугушууларга чогуу катышып, ошону менен бири-бири менен билим алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, бул окуу процессине гана жардам бербестен, коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө да салым кошот.