КММАда кафедралардын предметтик терминдери талкууланды
Билим берүү 6 7 Декабрь 2022

КММАнын мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү сектору тил боюнча комиссия менен биргеликте медициналык сѳздүктү түзүү максатында предметтик терминдерди талкуулап баштаган. Адистер тарабынан ѳздѳрүнѳ тиешелүү терминдер алгач кафедрасында талкууланып, андан кийин Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын талкуусуна коюлат.

Кечээ, 6-декабрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча секторунун башчысы Сапаргүл Наралиеванын жетектөөсү менен медайымдар иши, медициналык биология, генетика жана паразитология, аскер медициналык даярдоо жана экстремалдык медицина кафедраларынын предметтик терминдери талкууланып, бир топ маселелер каралды.

Айта кетсек, жума сайын кафедралардын предметтик терминдерин талкуулоо кезеги менен ѳткѳрүлүп турмакчы.