КММАга Германиядан эксперт, профессор Матиас Брейдерт келди
Белим берүү 1 12 Май 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММАга Германиядан эксперт, профессор Маттиас Брейдерт келди. Ички оорулар пропедевтикасы кафедрасы жана эндокринология курсу кафедрасында гастроэнтерология боюнча адис Матиас Брейдерт «Боордун курч жетишсиздиги» «Гепатит В, С» деген темада дарыгерлерге жана ординаторлорго лекция окуду, УЗИ көзөмөлү астында боор циррозу менен ооруган ич көңдөйүндөгү парацентездин практикалык көндүмдөрүн жана мастер-класстарды көрсөттү, бейтаптарды кароодон өткөрүштү.