КММАга Швейцариядан эксперт Каспар Трунингер келди
Билим берүү 0 11 Май 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Швейцариянын гастроэнтерология жана гепатология клиникаларынын улук дарыгери, эксперт Каспар Трунингер келди.

Келгенинин биринчи күнү КММАнын медициналык борборуна барды, андан кийин 4-майда эксперт Республикалык диагностикалык дарылоо борборунда ички оорулардын пропедевтикасы эндокринология курсу менен кафедрасынын кызматкерлери жана клиникалык ординаторлору Республикалык борбордун жана КММАнын медициналык борборунун эндоскописттери үчүн гастроскопия жана колоноскопия боюнча мастер-класс өткөрдү.

Акысыз текшерүү учурунда жана колоноскоптун диагнозунун жыйынтыгы боюнча эксперт 3 полипэктомия жасады, башкача айтканда ашказандан 1 полипти жана жоон ичегиден 2 полипти алды. Бир оорулууда сигма сымал ичегисинин полипинин рак оорусу менен диагнозу коюлуп, радикалдуу дарылоо сунушталган.

Белгилей кетсек, доктор Трунингер мындай мастер-класстарды КММАнын медициналык борборунда да, онкология борборунда да өткөргөн. Ошондой эле университеттин студенттерине лекцияларды окуду.

Конокту жылуу тосуп алып, РДКК КММАнын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу, профессор Муктарбек Искаков, башкы дарыгердин орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Мирбек Байсалов, Медициналык академиянын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова жана доцент Турниса Юсупова коштоп жүрүштү. Бөлүм Рахат Аттокурова.