КММАга Казакстандан профессор Нургужаев Эркин келди
Белим берүү 1 10 Октябрь 2022

2022-жылдын 10-октябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова казакстандык профессор Нургужаев Еркин менен жолугушту.

Ректор ыраазычылык катын тапшырып, профессорго КММАнын студенттерине семинарларды жана лекцияларды өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда профессор окуу жайдын жетекчилигине жана академиянын курамына кирүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Эркин Смагулович мырза Кыргызстанга медицина факультетинин студенттери жана ординаторлору үчүн лекция окуу, семинарларды өткөрүү үчүн келген.

Казакстандан келген конок 2022-жылдын 10-октябрынан 15-октябрына чейин КММАда болот.