КММАда «Педиатриянын тандалган проблемалары» аттуу семинар өтүүдө
Билим берүү 0 11 Февраль 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАда 2023-жылдын 9-февралында, педиатрлардын квалификациясын жогорулатуу максатында жана педиатриялык кызматтагы актуалдуу маселелердин пайда болушуна байланыштуу 5 блокко бөлүнгөн «Педиатриянын тандалган проблемалары» деген темада оффлайн семинар өтүүдө. Семинардын жүрүнүдө илимий жана медициналык иштер боюнча проректор Ниязбек Маматов куттуктоо сөз сүйлөп, педиатрларга жемиштүү иш каалады.

Биринчи блокто м.и.д Омурбеков Талантбек «Балдар хирургиясындагы курч курсак. Баштапкы врачтын тактикасы” аттуу темада баяндама жасады.

Семинар көлөмдүү болуп, андан соң бул иш-чаранын катышуучулары менен кызыктуу талкуу болду. Айта кетмекчи, 5 блокко бөлүнгөн семинар кийин онлайн форматта уланмакчы.