КММАда медайымдык билим берүү боюнча тренингдер өтүүдө
Белим берүү 0 29 Июнь 2022

И.К.Ахунбаев атындагы КММА 2022-жылдын 24-июнунан 30-июнуна чейин медайымдык билим берүү боюнча тренингдерди өткөрүүдө. Тренингдердин максаты медайымдык иши кафедрасынын окутуучуларынын, практикалык саламаттыкты сактоонун кызматкерлери менен медайымдарынын компетенттүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Корея менен Кыргызстандын адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.