КММАда “Эне менен баланын ден соолугу” аттуу Сателлиттик симпозиуму болуп өттү
Билим берүү 0 23 Май 2023

Медициналык тейлөөнүн сапатын жана республиканын медициналык кадрларын даярдоону жакшыртуу максатында 2023-жылдын 22-майынан 23-майына чейин Кыргызстандын Медициналык академиясынын имаратында «Эне жана баланын ден соолугу» аттуу Сателлиттик симпозиум болуп өттү.

Симпозиумда куттуктоо сөзү менен КММАнын илимий жана медициналык иштер боюнча проректору Ниязбек Маматов чыкты. Иш-чарага Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин алдыңкы окумуштуулары, белгилүү дарыгерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамаларды: профессор Петра Колбергер, Вена медициналык университетинин акушердик жана гинекология бөлүмүнүн башчысы, Йозеф Ной, Флорида университетинин медицина колледжинин педиатрия бөлүмүнүн профессору, UF Health Shands ооруканасынын неонатология бөлүмү, профессор Ричард Полин, Нью-Йорктогу Морган Стэнли атындагы Пресвитериан балдар ооруканасынын неонатология бөлүмүнүн директору, Колумбия университетинин медициналык колледжинин педиатрия профессору.

Баяндамачылар мөөнөтүнөн мурда төрөлүү, ара төрөлгөн ымыркайлардын тамактануусун оптималдаштыруу, төрөт индукциясы, жаңы төрөлгөн балдардын сепсисине заманбап ыкмалар жана ара төрөлгөн балдардын ичегисинин дисфункциясы жана бузулушу тууралуу айтып беришти.

Симпозиумдун алкагында тегерек стол өтүп, анда лекторлор жана жергиликтүү эксперттер эне менен баланын саламаттыгы боюнча пикир алмашышты, андан соң коноктор ооруканаларды кыдырып, аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.