КММАда медицина тармагындагы интеллектуалдык менчик боюнча семинар болуп өттү
Билим берүү 0 16 Май 2023

Ушул жылдын 16-майында медицина тармагындагы интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча маанилүү жана жемиштүү семинар болуп өттү, ал көптөгөн эксперттердин жана катышуучулардын көңүлүн бурду. Иш-чара И.К. Ахунбаев атындагы КММА жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жогорку деңгелде өттү. Семинарга медицина, интеллектуалдык менчик жана укук тармагындагы адистер катышты. Эксперттер өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, медицина тармагындагы интеллектуалдык менчикти коргоого байланышкан маселелерди, ошондой эле бул жааттагы учурдагы тенденцияларды жана алдыдагы милдеттерди талкуулашты.

Семинардын негизги темаларынын бири медициналык ойлоп табууларга, технологияларга жана дарылоо ыкмаларына интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо болду. Катышуучулар патенттик коргоо, автордук укуктар, соода белгилери жана интеллектуалдык менчикке тиешелүү башка аспектилерди талкуулашты.

Семинар пикирлерди жана идеяларды активдүү алмашуу үчүн, ошондой эле катышуучулардын ортосунда байланыштарды орнотуу үчүн аянтча болуп калды. Семинардын уюштуруучулары анын маанисин жана актуалдуулугун айрыкча медицина илиминин жана техникасынын тез өнугушунун шартында белгилешти. Бул чөйрөдөгү инновациялар коом үчүн жаңы милдеттерди коюп, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

Семинардын катышуучулары уюштуруучуларга сапаттуу даярдангандыгы жана кызыктуу программасы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Көпчүлүк баалуу билимге ээ болуп, түшүнүгүн кеңейткенин белгилешти.